1 Aug 2026, 15:12 UTC93 views3 reactionsread 8 August 2026 Photo
55 сөздөн турган аңгемелерге сынак
«Адабий Ордо» сайты «Кыргыз маданият борбору» жана «КЫСКА-НУСКА» телеграм-каналы менен бирге 55 сөздөн турган аңгемелерге сынак жарыялайт. Ушундай сынакты бир кезде New Times гезити жарыялаган, ал эми 2022-жылы «КЫСКА-НУСКА» телеграм-каналы да кыргыз калемгерлеринин арасында ийгиликтүү уюштурган.
Толугу менен 👉 https://adabiyat.men/55-sozdon-turgan-kara-soz-chygarmalaryna-synak/
👍3
10 Jul 2026, 06:12 UTC280 views2 reactionsread 8 August 2026 Дүйшөн КЕРИМОВ
АРЗУУНУН КҮНДӨЛҮГҮН БАРАКТАП
«Оо, махабат сен болбосоң дүйнөдө,
Бирин-бири алмак эле ким эске!»
Табылды МУКАНОВ
Ал күндөлүгүн барактап олтурду. Артынан түшпөсө да, анда-санда чиймелеп жүрчү. Жазып койгону жакшы болуптур да, окуган сайын саптар арасынан алыста жүргөн, убактылуу жүргөн, ушул убактылуу дегенге каниет кылат, өзүн-өзү сооротот, жакын адамы, асыл адамы жарк деп чыга калчудай окуйт. Жаңы ж…
👍2
9 Jul 2026, 06:12 UTC107 viewsread 8 August 2026 Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ
ҮЧ ЧЫНДЫК
Көптү көргөн Сулайман падыша бул жолу башы катып, айласы алты кетип отурду. Өмүрүндө көп эле маселени чечкен, кара кылды как жарган калыс бүтүмдөрдү чыгарып келген, бирок өз башындагы мүшкүл ушунчалык оор болорун билбептир. Жапжаш, сулуу, акылдуу аялы бала ордуна баш-аягы, буту-колу жок эле жумуру таш төрөйт деген эмне шумдук? Таш, кадимки эле таш. Болгону тептегиз, жыпжылма, жумуртк…
9 Jul 2026, 06:12 UTC138 views1 reactionsread 8 August 2026 – Муну эч ким билбейт... Силер да билбейсиңер. Мен өмүр бою кара кылды как жарган калыс деген атак күттүм. Эч кимисине жан тартканым жок. Элдин баары муну оңой деп ойлойт. Бирок бир эле маселени тартышып келген эки кишинин бири мага жок дегенде бир эле тоголок алма ала келсе, ошого ичимден жан тартып турам. Бири эле мага жылуураак сүйлөсө, көңүлүм ошол тарап болот. А мен көңүлүмө жараша чечим чыгарганга акым жок. Ант…
👍1
8 Jul 2026, 06:12 UTC60 viewsread 8 August 2026 Талгат КЕҢЕСБАЕВ
КАПКАН
“Биздинби же сиздин бакытпы?”
Рюноскэ Акутагава
Абышка таң эртеде эле туруп алган.
Атын арабага кошкусу келбей турду. Күн көтөрүлгөн менен таңкы шүүдүрүмдөн улам салкын. Чыйрыгып чыкты. “Суурлар өткөн жылдагыдай чээнге эрте кирип кетпес бекен” деп камтама болуп койду. Бул ой абышканы дайыма кыйнап келет. Кыйнамак турсун карытып да бүттү. Соңку эки жылда чачтары да катуу агарып кетти. Өзү д…
8 Jul 2026, 06:12 UTC76 views1 reactionsread 8 August 2026 Үндөбөдү. Макул. Абышканын колу-буттары кайрадан муздай баштады. Бир жума илгери капканга суурдун чөндөлөйү түшүп калган экен, анын эки колу менен башын катып, боздоп ыйлаганына карабай небереси темир союл менен башка чапкылап жиберди. Көзү чанагынан чыгып, оозунан кан-шилекейи сүт аралаш чыккан анын өлүгүн ыргытып жибергенде ат коркконунан тимеле арабанын догоосун сындырып коё жаздаган болчу. Ошондо мактоону күтүп м…
👍1
7 Jul 2026, 06:12 UTC73 views1 reactionsread 8 August 2026 Ширин тиги тушту кара деп ымдады. Бурулсам эле аны менен тиктеше калаарым шексиз... Курсагы челектей болгон тиги киши кекиртегин кыра кыйкырып, алкынып-булкунуп микрофонду көпкө ээледи. Тажаганыбыздан шатырата кол чапсак да, кырмызы галстукчан бул “коногубуз”, узундан-узун ырын окуп… бүтүрүп жиберди. Кудай жалгап, биздин ырчы жигитибизге да кезек келди.
— Баарыңыздарды бийге чакырам! – деди Улар.
Орто толуп, четтег…
👍1
7 Jul 2026, 06:12 UTC83 viewsread 8 August 2026 Максуда ОРМОНОВА
КАРА-ДӨБӨНҮН ГҮЛДӨРҮ
— Мына кызым, сенин акыркы коңгурооңо Кара-Дөбөнүн куд-ду өзүнөн гүл терип келдим.
Апам, гүл оролгон кемселин алдыма жая салды.
— Ай-ий!
Ак, кызыл, пушту, мала кызыл мандалактарды карап, колумду кайсынысына сунаарымды билбей турдум. Күлгүн түс кийик оттун гүлүнөн да бар. Анан да мага бала кезден жакчу момпосуй жыттанган сары гүл, биз аны токоч гүл деп атачубуз.
— Жактыбы, к…
6 Jul 2026, 06:12 UTC67 viewsread 8 August 2026 Дүйшөмамбет ОРОЗАЛИЕВ
МҮРЗӨДӨГҮ ӨБҮШҮҮ
Сол колум менен рулду башкарып бараттым. Оң колумду быйтыйган алакан, манжалар назик сылап, улам кысып, эркелеген сайын алаканым тердеп чыкты.
– Колуңуз тердеп атат, ээ?
– Колум эле эмес, жүрөгүм да тердеп...
– Ошентип ыр жазыңыз. Хи-хи-хи.
– Хе-хе. Макул, жазайын.
Жайында келген элек бул шаркыратмага. Январдын он үчүндө күн жылуу негедир. Тоо таяна бергенибизде жолду бой…
6 Jul 2026, 06:12 UTC71 views1 reactionsread 8 August 2026 Жайында ушул шаркыратма астында туруп, башыбызга түшкөн сууга карабай өбүшүп каткырган элек. Анын эриндерин күмүш тамчыдан талашкан элем. Ал бир эле жолу келчү ирмемдер беле... Андагыдай ышкылуу, ширин даамды таппай, ансыз да түпөйүл жүрөк муздап бараткансыды. Азыр ошол жайдагы махабатыбыздын көмүлгөн муз дөбөсүндө тургандай сезип кеттим. Бут алдыбыздагы муз дөбө мүрзөдөй сезилди. Бул биздин аруу сезимдерибиздин эмес…
👍1
3 Jul 2026, 06:12 UTC77 viewsread 8 August 2026 Рыспек АДИЕВ
КАРУСЕЛЬ
– Ал, алып жибер.
– Алдым. Рахмат. Уктап калып балээге кабылбайын... Көбөйүп кетти.
– Алып ий, эми. Ушу кичинекей немени, эмне? – деп бакылдаган коңшусу калай кружкадагы ичкиликти караңгыда көрбөсө да, тигинин толук ичпегенин билип, кыйнап турду. – Суукта эмне. Дайыма эле ичип жаттык беле.
– Ошентсе да, текшерип келип калышса дегеним.
– Эми, сенин каруселдериңди ким алмак эле да, ким келме…
3 Jul 2026, 06:12 UTC110 views1 reactionsread 8 August 2026 – Оой, Туке, рахмат, рахмат. Далай жер көрүнөт тура. Тигинде менин дүкөндөрүм. Бирок жай жылганы жаман экен. Мындан тезирээк айланганы жокпу? Мисалы селкинчек сыяктуу.
– Бар андай, азыр төмөн түшөлү.
Саамдан кийин ээрчишкен экөө айланчу каруселдин жанында турушту. Кыдыракей бир орундук орунтуктар чынжырларда салаңдап тегерете тизилет.
– Кана Маке, сен отур. Кел. Курчан. Антпесең учуп кетесиң.
Курбусун отургузуп, …
👍1
Showing the 12 most recent of 20 posts we hold for @kyskanuska55. View and reaction counts are the latest single reading for each post, not a live figure, and a recent post is still accumulating both. A view count marked ≈ was rounded by Telegram before we ever saw it — t.me prints views in full below 1,000 and to three significant figures above, so ≈1,200,000 means somewhere between 1,150,000 and 1,249,999. Unmarked counts are exact. Text is reproduced from the public post preview and truncated for length.