12 Jul 2026, 06:00 UTC368 views2 reactionsread 7 August 2026 #Ильгиз_ГИЛЯЗЕТДИНОВ (ТАЛИП)
* * *
Айырбай мерөөл болчу панарыман,
Өзүңдү дегем дайым паана кылам.
Азырчы, чаңырыгым аба жарат,
Ак чардак айрылгансып Аралынан...
Чубап артка чыйырымдын келебин,
Мен өмүрдүн марасына келемин.
Али деле үрүп-бүрүл көрүнөт,
Асыл максат туу чокусу дегениң.
____________________
👉 "КЫСКА-НУСКА"
🖌️ Авторлор
👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026
🙏 Колдоо көрсөтүү
❤2
11 Jul 2026, 06:00 UTC356 viewsread 7 August 2026 #Малика_ЖУМАДИЛОВА
* * *
Албуут шамал ачууланып
Каарын төгүп жатканда,
Булут көлгө жүгүндү…
____________________
👉 "КЫСКА-НУСКА"
🖌️ Авторлор
👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026
🙏 Колдоо көрсөтүү
10 Jul 2026, 06:00 UTC345 views5 reactionsread 7 August 2026 #Атахан_КОЖОГУЛОВ
* * *
Бул жарыктын ыр чайпалган бурчумун,
тагдыр чалма салаарында булкудум.
Жоготобуз деген сайын бек туруп,
мокотобуз деген сайын курчудум.
Жыгылаарда өзүмдү өзүм сүйөдүм,
кулаарымда ырларымды тиредим.
Кароолонуп ушул жолдун алысы,
алоолонуп оттой күйдү жүрөгүм.
Тайкүлүгүм тагдырыма эңилди,
жаратканым көрдү артык, кемимди.
Катарымда бараткандар бөлүндү,
сапарымда жамгыр тынбай төгүлдү.
Бул…
👍5
9 Jul 2026, 06:00 UTC299 views2 reactionsread 7 August 2026 #Шербет_КЕЛДИБЕКОВА
АКЫН ЖАНА ЖАЗ
Жаздар келет...
Жаз келгенин күкүктөр эскеришет,
Жаз келатат...
А күкүктөр «кү-кү» деп жаз чакырат.
Табигаттын бузулбас салты ушул,
Дайыма мезгилдер алмашылат.
Акындар да күкүктөй учуп чыгат,
Акындар да күкүктөй таңшып чыгат.
Өз доорунун алдыңкы катарында,
Жашап туруп акындар, келе жаткан -
Доорлордун добушун чалып турат.
Акындардын алдында ыйык милдет,
Өз доорунун багытын сезе б…
❤1👍1
8 Jul 2026, 06:00 UTC292 views3 reactionsread 7 August 2026 #Болотбек_ТАШТАНАЛИЕВ
* * *
Такылдайт кошунамдын дарбазасы,
Ким келди экен?
Тереземдин тушунда шакылдайт сук сагызган
Бул эмнеси?
Көкүрөктө –
күндүр-түндүр күңгүрөнүп
коңгуроодой кагылган бир коога бар.
Корко берем,
алда неден, ким бирөөлөрдөн.
Коркомун достордон да,
Ким билет, ойлорунда эмне балээ!??
Өз ичинде бөтөн,
бөтөндөр арасында чоочунмун мен...
Беймаал эч ким үйүмө келбесе экен,
Түн жармында телефон ча…
👍3
7 Jul 2026, 06:00 UTC290 views3 reactionsread 7 August 2026 #Махабат_КАСЕЙИНОВА
* * *
Билбейм кимден күтүп жүрөм эмнени?
Билбейм не деп айтат экен эл мени?
Периштедей деле жашай алмакмын,
Пенделикке түртүп кеттиң сен мени.
Карап коюп күндүн чыгып, батканын,
Карап коюп булут чалган асманын,
Келем жашап мен да сендей күнөөлүү,
Бул турмуштун кечип чаңын, баткагын.
Улам барат күндөр чачтай суюлуп,
Улам жашоо мага кызык туюлуп.
Жамгыр менен бир ыйладым, тазардым,
Жамгыр болду ж…
👍2❤1
6 Jul 2026, 06:00 UTC303 views2 reactionsread 7 August 2026 #Анарбек_АБАЗБЕКОВ
* * *
Тийбе мага, кармалаба, жакындаба суранам,
Ишенсең сен, мындай иштен эмнегедир уялам.
Андан көрө аваз салып, шуулдачы, угайын,
Үнүңдү угуп, эргүү алам, мен ошого кубанам! -
Деп үн салды үлбүрөгөн жалбырактар жалооруп,
Тентек желге тегеренген, бир орунга турбаган…
____________________
👉 "КЫСКА-НУСКА"
🖌️ Авторлор
👍 Мыктылар - 2025, Мыктылар 2026
🙏 Колдоо көрсөтүү
❤1👍1
5 Jul 2026, 06:00 UTC309 views2 reactionsread 7 August 2026 #Кыял_ТАЖИЕВА
АВТОПОРТРЕТ
Мен жөн гана жашаганды туу тутуп,
Келе жатам бал да жутуп, уу жутуп.
Калчай алат эле акылым көп нерсе,
Коймок элем сууну деле уютуп.
Кимдигимдин кимге десең кереги,
Оюм дайым жыпжылаңач денелүү.
Ак жоолугум аңга түшөт ар күнү
А жоругум дайыма ата-энелүү.
Жашаш керек эле адамдар ушундай,
Көңүлүнө конгон кутту учурбай.
Мени уга албай калды көптөрү
Жашаш кыйын, жашаш кыйын бузулбай…
Бийлиг…
👍2
4 Jul 2026, 06:00 UTC302 views5 reactionsread 7 August 2026 #Сулайман_МАЙМУЛОВ
ГЁТЕЧЕ
Айлыңа жазда келем, күздө келем,
Уялбай чапчайыңкы түштө келем.
Алдыман орок сымал бели ийилген,
Илмейген кемпир менен чалды көрөм.
Айлыңа кышта келем, жайда келем,
Чилдеси чыкылдаган айда келем.
Түйүлүп кулун, тайдай оюн салган
Муруну дердеңдеген бала көрөм.
Билгизбей эл аралап басып келем,
Тагдырдын салганына жашып көнөм.
Тешилип эки көзүм алты болуп,
«А кудай көрүнөбү сенин төбөң».
«…
👍4❤1
3 Jul 2026, 06:00 UTC302 views2 reactionsread 7 August 2026 #Айгүл_УЗАКОВА
ЖОЛУКПА МАГА, ЖОЛУКПА
Кирдеген көңүл тазарбас эми кайрадан,
Мен минтип тажап турган соң чындап өткөндөн.
Бул тагдыр менен аркалай албайм сени мен,
Канча жыл мага кымбатка түшкөн, бөксөргөн.
Жаз менен чыдап, күз менен күткөн күндөрдү,
Ак жайдын күнү алмашып кара жоолукка.
Баратам жалгыз кайчылаш түшкөн бул жолдо,
Жолукпа мага, жолукпа мага, жолукпа.
Таң калба мага, жылдызым түшкөн чагымда,
Жалгыздык…
👍2
2 Jul 2026, 06:00 UTC295 views2 reactionsread 7 August 2026 #Эрнис_АСЕК_уулу
ИЛИНГЕН СҮРӨТТӨР
Канча Күйүт, канча Үмүт ааламда,
Канча Кайгы, Кубанычы бириккен?
Кабак түйгөн, бырыш жүздүү асманда,
Кайсы кудай сүрөттөрү илинген?
Ырысы жок Ыйман калып талаада,
Ырдап жүргөн кылымдарын жоготкон.
Ыкшып күлгөн эми Ынтымак калаада,
Бир тыйындын жекиргенин тоготкон.
Көз ирмемдер келет сөздөн айрылып,
Көлдөр келет көлчүктөрдөй чачырап.
Көк караган чыт курсактар жабылып,
Көз боегон с…
👍2
1 Jul 2026, 06:00 UTC301 views5 reactionsread 7 August 2026 #Элмира_АЖЫКАНОВА
КЕЛИП КЕТ
Билемин сен жакта али кыш,
Бишкекте гүлдөдү өрүктөр.
Сөз менен айта албайм жеткирип
Кусамды көзүмдөн келип көр.
Канча жыл шыбырап сүйлөшүп,
Капаска камадык сүйүүнү.
Баратат улгайып өмүрлөр
Бакыттын чечилбей түйүнү.
Келип кет жазганбай эч кимден
беймарал, күн жарык, түн узун.
Эл айтат деп жүрүп ансыз да
Өткөрдүк жылдарды тымызын.
____________________
👉 "КЫСКА-НУСКА"
🖌️ Авторлор
👍 …
❤3👍2
Showing the 12 most recent of 20 posts we hold for @kg_adabiyat. View and reaction counts are the latest single reading for each post, not a live figure, and a recent post is still accumulating both. A view count marked ≈ was rounded by Telegram before we ever saw it — t.me prints views in full below 1,000 and to three significant figures above, so ≈1,200,000 means somewhere between 1,150,000 and 1,249,999. Unmarked counts are exact. Text is reproduced from the public post preview and truncated for length.