31 Mar 2026, 10:37 UTC25 views1 reactionsread 11 August 2026 Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарлары дайындалды
Максүтов Нурлан Болушбекович жана Маманов Нурлан Осмонович Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп дайындалышты. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жамаатка жаңы орун басарларды тааныштырды. Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагас…
❤1
31 Mar 2026, 10:31 UTC22 views0 reactionsread 11 August 2026 Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды
Бүгүн, 31-мартта саат 13:20да Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү очогунда күчү 3,5 баллга жетип, Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катта…
31 Mar 2026, 09:55 UTC14 viewsread 11 August 2026 Бишкектин борбордук бөлүгүндө 3 күн газ болбойт
Бишкектин борбордук бөлүгүндө 3 күн газ болбойт. 1-2-3-апрелде Жантөшев, Байтик баатыр, Лев Толстой, Кара-Дарыя, Горький, Жукеев-Пудовкин көчөлөрү менен чектелген аймакта көгүлтүр от өчүрүлөт. Чектөөлөр жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу киргизилет.
https://novosti.kg/kg/bishkektin-borborduk-b-l-g-nd-3-k-n-gaz-bolbojt/
31 Mar 2026, 09:55 UTC12 viewsread 11 August 2026 Балдарды бала бакчага кабыл алган система 6-апрелге чейин иштебейт
Балдарды бала бакчага кабыл алган система 6-апрелге чейин иштебейт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Учурда системаны mektep.edu.gov.kg порталынан өзүнчө “Балалык” платформасына өткөрүү процесси жүрүп жатат. Ал бир аптадан кийин иштей баштайт, — дешти министрликтен.
https://novosti.kg/kg/baldardy-bala-bakchaga-kabyl-algan-sistema-6-ap…
31 Mar 2026, 09:55 UTC11 viewsread 11 August 2026 Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюу дагы узартылды
Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюу дагы узартылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Соттун чечимине ылайык, 31-марттан 30-июнга чейин шаардын борбордук аянттарында мамлекеттик иш-чаралардан тышкары тынчтык жыйындарын өткөрүүгө болбойт.
https://novosti.kg…
31 Mar 2026, 09:55 UTC11 viewsread 11 August 2026 “Кемин — Балыкчы” жаңы электр өткөрүү линияларын тартууга жана 500 киловольттук подстанцияны курууга 67 миллион 700 миң евро багытталат
“Кемин — Балыкчы” жаңы электр өткөрүү линияларын тартууга жана 500 киловольттук подстанцияны курууга 67 миллион 700 миң евро багытталат. Каражаттын басымдуусун, же 62 миллион еврону Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы 20 жылга насыя катары берет, дагы 6 миллион е…
31 Mar 2026, 08:55 UTC7 viewsread 11 August 2026 Бишкекте 400дөн ашык автобус каттамга чыкпай токтоп турат деген маалымат чындыкка дал келбейт
Бишкекте 400дөн ашык автобус каттамга чыкпай токтоп турат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, күн сайын 1 миң 300 автобус каттамга чыгат. Коомдук транспорт учурда кадимки режимде иштеп жатат. Автобус паркын пайдалануу 85 пайызды…
31 Mar 2026, 08:55 UTC7 viewsread 11 August 2026 Фермерлерге жеңилдетилген баа менен дизелдик отун берилүүдө
Фермерлерге жеңилдетилген баа менен дизелдик отун берилүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан жазгы-талаа иштерине 7 миллион литр берилип, бир литри 74 сомдон сатылып жатат. Күйүүчү майдын жетишсиздиги жок. Фермерлер жеткиликтүү баадагы дизелди райондук агрардык башкармалыктан алууда,… Кенен…
31 Mar 2026, 08:55 UTC6 viewsread 11 August 2026 Бишкекте мамлекеттик автомектепте онлайн-окутуу башталды
Бишкекте мамлекеттик автомектепте онлайн-окутуу башталды. Ошондой эле жол кыймылына катышууга уруксат берүүчү институт ишке кирди, ал айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамендерди кабыл алат. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон билдиришкендей, баары бир имаратта, Горький көчөсү, 142 дарегинде жайгашкан. Келечекте мынд…
31 Mar 2026, 08:43 UTC6 viewsread 11 August 2026 “Түндүк” платформасы Санариптик өнүктүрүү министрлигинен президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берилди
“Түндүк” платформасы Санариптик өнүктүрүү министрлигинен президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Чечим компаниянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Түндүк” мамл…
31 Mar 2026, 08:43 UTC6 viewsread 11 August 2026 Кыргызстанда өткөн жылы кичи кредиттик компаниялар тарабынан 86 миллиард сом берилген
Кыргызстанда өткөн жылы кичи кредиттик компаниялар тарабынан 86 миллиард сом берилген. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, каражатты 1 миллиондон ашык адам алды. 2024-жылга салыштырмалуу кичи насыялар менен камтылган калктын саны 1,5 эсеге, ал эми берилген сумма 32 пайызга көбөйдү. Каражатты басымдуу учурларда Бишкек…
31 Mar 2026, 06:36 UTC5 viewsread 11 August 2026 ОСАГО боюнча Бишкекте 44 жаранга 4 млн сомго жакын кенемте төлөндү
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ОСАГО полиси боюнча 44 жаранга 4 млн сомго жакын кенемте төлөп берди. Бул жолу сертификаттар ээлерине Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айып короосунда тапшырылды. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаарындагы филиалынын директору Алима Нурланованын айтымында, уюм 3 айдын ичинде ОСАГО пол…
Showing the 12 most recent of 20 posts we hold for @novosti_kgkg. View and reaction counts are the latest single reading for each post, not a live figure, and a recent post is still accumulating both. A view count marked ≈ was rounded by Telegram before we ever saw it — t.me prints views in full below 1,000 and to three significant figures above, so ≈1,200,000 means somewhere between 1,150,000 and 1,249,999. Unmarked counts are exact. Text is reproduced from the public post preview and truncated for length.