20 Nov 2025, 09:51 UTC861 views11 reactionsread 8 August 2026 9-бөлүк
Абайла, «Менин намазым каякта, намаздын бул акыйкаты каякта?» дебегин. Себеби, бир курманын уругу, курма дарагындай эле өз дарагынын сыпаттарын билдире алат. Айырма, болгону кыскача жана кенен түшүндүрүүдө.
Бул сыңары, сени менен мен сыяктуу карапайым адамдын (сезбесе да) намазынын, чоң олуянын намазындай ошол нурдан бир үлүшү бар. Айтылган акыйкаттан бир сыры бар (акылың муну аңдап билбесе да). Бирок, дара…
❤10👍1
20 Nov 2025, 04:49 UTC630 viewsread 8 August 2026 Sticker
Sticker, posted without a caption
20 Nov 2025, 02:49 UTC670 views12 reactionsread 8 August 2026 8-бөлүк
Корутунду:
Эй, нафс! Кечээки күн сенин колуңдан чыкты, муну билгин. Эртеңки күнгө ээ болгудай колуңда кепилдик жок. Андай болсо, жашап жаткан күнүңдү чыныгы өмүрүм деп бил. Жок дегенде, күнүмдүк өмүрүңдүн бир саатын сактык акчасы катары чыныгы келечек үчүн жасалган, акыреттин сандыкчасы болгон мечитке же жайнамазга сал.
Ошондой эле, ар бир жаңырган күн сага да, башкаларга да жаңы бир ааламдын эшигин ачарын…
❤12
19 Nov 2025, 02:42 UTC518 viewsread 8 August 2026 Sticker
Sticker, posted without a caption
19 Nov 2025, 02:42 UTC575 views15 reactionsread 8 August 2026 7-бөлүк
Мени намаздан жана ибадаттан тосуп кош көңүл кылган жөн нерселер эмес, турмуш-тиричиликтин зарыл иштери десең, мен да сага мындай деймин:
Айталы, күнүмдүк жүз сомго иштесең, анан, бирөө сага келип: «Кел он мүнөттөй ушул жерди каз, жүз миңдик бермет жана зумурут табасың» десе, сен ага: «Жок бара албайм. Анткени, күндөлүк маянам он сомго кемип, оокатым азайып калат» десең, бул канчалык келесоочо шылтоо болору…
❤15
18 Nov 2025, 02:39 UTC441 viewsread 8 August 2026 Sticker
Sticker, posted without a caption
18 Nov 2025, 02:39 UTC497 views12 reactionsread 8 August 2026 6-бөлүк
БЕШИНЧИ ЭСКЕРТҮҮ
Эй, дүнүйөкор нафсим! Ибадаттагы арамзалыгың жана намаздагы кемчиликтериң дүйнөлүк иштериңдин көптүгүнөнбү же көр тиричиликтин убарагерчилигинен улам убакыт таба албаганыңданбы? Кызык, бүт убактыңды дүйнөгө короткудай, бир гана бул дүйнө үчүн жаратылган белең?
Сен жөндөм жагынан бардык жаныбарлардан жогору экениңди, ал эми дүйнөлүк жашоонун керектөөлөрүн камсыздоодо кудурет жагынан бир тар…
❤12
17 Nov 2025, 02:34 UTC482 viewsread 8 August 2026 Sticker
Sticker, posted without a caption
17 Nov 2025, 02:34 UTC538 views16 reactionsread 8 August 2026 5-бөлүк
ТӨРТҮНЧҮ ЭСКЕРТҮҮ
Эй, эси жок нафсим! Кулчулук милдети сени тажаткыдай натыйжасы жокпу же акысы азбы? Маселен, бир адам сага бир нече акча-тыйын берсе же коркутса кечке дейре сени иштетет, сен да тажабай иштеп бересиң.
Кызык, дүйнө мейманканасында
- алсыз, жарды жүрөгүңө кут-байлык;
- сөзсүз барар жериң болгон кабырда азык-түлүк жана жарык;
- баары бир суракка тартылар жайың болгон махшарда күбөлүк жана ак…
❤16
16 Nov 2025, 02:10 UTC502 viewsread 8 August 2026 Sticker
Sticker, posted without a caption
16 Nov 2025, 02:10 UTC567 views12 reactionsread 8 August 2026 4-бөлүк
ҮЧҮНЧҮ ЭСКЕРТҮҮ
Эй, сабырсыз нафсим! Кызык, өткөн күндөрдөгү ибадаттын убаракерчиликтерин, намаздын машакаттарын жана түйшүктөрүн бүгүн ойлонуп кыйналуу жана келе элек күндөрдөгү ибадат милдетин, намаз кызматын, балээлердин кайгыларын бүгүн элестетип, сабырсыздануу акылдуулардын ишиби?
Бул сабырсыз жоругуң башы маң аскер башчынын төмөндө айтылган абалына окшоп кетет: Душмандын оң канатта жайгашкан күчү аны…
❤12
15 Nov 2025, 02:01 UTC496 viewsread 8 August 2026 Sticker
Sticker, posted without a caption
Showing the 12 most recent of 20 posts we hold for @joloochular. View and reaction counts are the latest single reading for each post, not a live figure, and a recent post is still accumulating both. A view count marked ≈ was rounded by Telegram before we ever saw it — t.me prints views in full below 1,000 and to three significant figures above, so ≈1,200,000 means somewhere between 1,150,000 and 1,249,999. Unmarked counts are exact. Text is reproduced from the public post preview and truncated for length.