7 Aug 2026, 05:02 UTC99 views8 reactionsread 7 August 2026 Ушунчалык сүйдүңбү мени катуу?
Мага айткан сөздөрүң " ала качуу"
" Керек болсо издегеним сага окшош"- деп,
Айтканың тийди мага бир аз ачуу.
Арнабагын мага андай сөздөрүңдү,
" Алып качып кетем "-деп көздөдүңбү?
Төгө албайм баары бир мээримимди,
Жалтылдатпа суранам көздөрүңдү!
А Альбина
💔5❤2💯1
Signed | 𝐑𝐔𝐒𝐋𝐀𝐍𝐎𝐕❀ |🇰🇬
5 Aug 2026, 05:10 UTC172 views7 reactionsread 7 August 2026 Себепсиң
Сен себепсиң менин сүйүү ырларыма,
Кээде себеп болосуң ыйлаарыма.
Сен келгенде жарык болуп бул дүнүйөм,
Айландың сен, жүрөгүмдүн ыргагына.
Сен себепсиң менин күлүп жүрүшүмө,
Керек болсо каткырып күлүшүмө.
Ойлонбостон мага карап жооп берчи,
Же балким каршысыңбы сүйүшүмө?
А.Альбина
❤🔥6❤1
Signed | 𝐑𝐔𝐒𝐋𝐀𝐍𝐎𝐕❀ |🇰🇬
4 Aug 2026, 05:25 UTC201 views3 reactionsread 7 August 2026 Бүгүн сага " кош" деп айткым келип турат,
Сүйүү дагы келбей туруп кептер курат.
Экөөбүздү аралачу чоң махабат,
"Келбей эле кетейинчи "- деп суранат.
Кош бол менин башталбаган махабатым,
" Сени сүйүп калдым"- деп айталбадым.
Арзуум үчүн коштошконго моюн сунуп,
Сезимдердин туткунунан камакталдым.
А.Альбина
💔3
Signed | 𝐑𝐔𝐒𝐋𝐀𝐍𝐎𝐕❀ |🇰🇬
29 Jul 2026, 01:45 UTC374 views11 reactionsread 7 August 2026 Оо Аллахым ушул кызды эч кимге бербей турчу убагы келгенде өзүм алам
❤🔥11
Signed | 𝐑𝐔𝐒𝐋𝐀𝐍𝐎𝐕❀ |🇰🇬
28 Jul 2026, 07:07 UTC382 views2 reactionsread 7 August 2026 Сени сүйгөндөй мен эч кимди сүйбөгөм,
Сага арнаган сезимимди бөлбөгөм.
Бир өзүңө арнаган махабатты,
Башка жанга эч ыраа көрбөгөм.
Жүрөгүмдүн эң тереңин сен ээлеп алып,
Сезимдерим сага гана гүлүн ачып.
Башкасына айтылбаган жылуу сөздү,
Сага гана арнагам оттой жанып.
❤2
Signed | 𝐑𝐔𝐒𝐋𝐀𝐍𝐎𝐕❀ |🇰🇬
28 Jul 2026, 07:07 UTC367 views2 reactionsread 7 August 2026 Көздөрүм менин, Көрүүдөн сени чарчабайт.
Багытсыз болсо, Учак да көктө калкыбайт.
Каректер түшүп, Карекке турса кадалып, Көк асман сымал, Бейпилдик мага тартуулайт.
❤🔥2
Signed | 𝐑𝐔𝐒𝐋𝐀𝐍𝐎𝐕❀ |🇰🇬
25 Jul 2026, 04:13 UTC439 views5 reactionsread 7 August 2026 Суктанса сага миң адам, сырыңды билсин бир адам. Тамшанса сага миң адам, тагдырын болсун бир адам.
❤5
Signed | 𝐑𝐔𝐒𝐋𝐀𝐍𝐎𝐕❀ |🇰🇬
20 Jul 2026, 20:12 UTC664 views9 reactionsread 7 August 2026 Акыры жеңди алыстык
Тагдырым кылбай калыстык Чырылдап бир топ алыштык Бир болуу жазбаса кантели Акыры жеңди алыстык
Өткөнгө кылчайып өкүнбөйм Мен сага болгонду кечир дейм Экөөбүз өткөргөн күндөрдү Эч качан жаман деп өчүрбөйм
Канчалык жүрөгүм каалабасын Бир күнү бирөөгө жанашасын Ошондо сен мени ойлондурүп Ошондо жүрөктү канатасын Канчалык жүрөгүм каалабасын Бир күнү башканы каратаасын Ошондо жүрөгүмдү канатасын
💔6❤3
Signed 𝐑𝐔𝐒𝐋𝐀𝐍𝐎𝐕❀ |🇰🇬
19 Jul 2026, 11:34 UTC621 views7 reactionsread 7 August 2026 Жан Дүйнөнүн Бейпилдиги
Азан үнү жаңырганда ааламга,
Тынчтык орнойт сезимдерге, санаага.
Жай намазды алып чыгып шашыла,
Баш ийемин Жалгыз гана Аллага.
Саждага баш койгонумда жаш тамып,
Күнөөлөрүм кечирилсе деп тилейм.
Бул дүйнөнүн түйшүктөрүн унутуп,
Жан дүйнөмдүн тазарганын мен сезем
Автор:Дайырбекова Диана
❤5💯2
Signed | 𝐑𝐔𝐒𝐋𝐀𝐍𝐎𝐕❀ |🇰🇬
19 Jul 2026, 05:19 UTC557 views6 reactionsread 7 August 2026 Кетпейм деди жүрөгүмдөн кетпейм деди,
Деги айтчы бүттүңбү кыйнап мени?
Жалдырап жалгыздыкта мен олтуруп,
Окудум ырлар жазган дептеримди.
Кетпейм деди журогумдон кетпейм деди,
Унутпай кайра кайра эстейм сени.
Болду эми баардыгына рахмат айтам.
Суранам алыс жакка кетчи деги!
А.Альбина
😍6
Signed | 𝐑𝐔𝐒𝐋𝐀𝐍𝐎𝐕❀ |🇰🇬
14 Jul 2026, 17:20 UTC727 views9 reactions1 Starread 7 August 2026 Мен барайын,
Сен да келчи каражан. Жылуу сөзүң,
Жүрөк күтөт баятан...
Сагындырбай,
Тез-тез кабар билдирип,
Мен аяймын,
Сен да мени аясаң...
Нурбаян Нурбекова
❤7❤🔥2
Signed | 𝐑𝐔𝐒𝐋𝐀𝐍𝐎𝐕❀ |🇰🇬
14 Jul 2026, 13:20 UTC681 views6 reactions1 Starread 7 August 2026 Ашыктардын дубасы.
-Бала:
Арзуум терең,
Бир өмүргө толсо экен,
Аманатым,
Ушул адам болсо экен.
-Кыз:
Сизден бөлөк,
Жанды көрбөйт жүрөгүм,
Тагдыр бизди,
Кошсо деген тилегим.
❤🔥5😍1
Signed | 𝐑𝐔𝐒𝐋𝐀𝐍𝐎𝐕❀ |🇰🇬
Showing the 12 most recent of 20 posts we hold for @poeziy_suiuusaptary. View and reaction counts are the latest single reading for each post, not a live figure, and a recent post is still accumulating both. A view count marked ≈ was rounded by Telegram before we ever saw it — t.me prints views in full below 1,000 and to three significant figures above, so ≈1,200,000 means somewhere between 1,150,000 and 1,249,999. Unmarked counts are exact. Text is reproduced from the public post preview and truncated for length.