14 Aug 2026, 05:05 UTC17 views6 reactionsread 14 August 2026 СҮЙҮП КАЛДЫМ...
Сооротуп, көз жаш төгүп ыйлаганда,
дем берип, сансыз ойлор кыйнаганда.
Сезимден жабыр тартып назик дүйнөм,
жүрөгүм ай-ааламга сыйбаганда
Жашоонун эчен түрлүү сырын ачып,
ар дайым колдоп турган акыл айтып,
мен бүгүн өзүмдү өзүм сүйүп калдым.
Бет келсе жагалданып, а артымдан,
сөз кылып, күбүр-шыбыр сындаганда.
"Аярлап өзүңө өзүң керексиң " – деп,
күч берип турган дайым сынбаганга.
Арзуудан баш айланып…
❤5👍1
13 Aug 2026, 14:23 UTC18 views4 reactionsread 14 August 2026 Сагынганда алыстан карааныңды,
Салбай мага жазып тур санаа муңду.
Көңүл бөлүп чалуума жооп берип тур,
Көрөйүн мен нур жанган жамалыңды.
Сага аябай кусамын билесиңби,
Сенсиз арман аралайт мүнөтүмдү.
Сагынтуучу мезгилге багындырбай,
Салып турчу тез тезден сүрөтүңдү.
Ватсабыңа кез-кезде баш багып тур,
Махабаттын мыйзамын аткарып тур.
Бир күндө бир дебейин кыйнап сени,
Бир мүнөттө беш ирет кат жазып тур...
Адылбек ИКР…
🔥2❤1👍1
11 Aug 2026, 08:46 UTC35 views6 reactionsread 14 August 2026 Метиркең бейиштенби, Жерден эмес?
Ант ичем!
Сендей сулуу көрбөгөм эч.
Кокустук эмес биздин кезигүүбүз!
Кокустук болгон эмес.
Болбойт да эч!
Сени көрөм –
жаңырган Айдан көлгө чагылышкан.
Сени көрөм –
секисинен сезимдин алып учкан.
Сенин үнүң – эң бир кооз үн кулак уккан.
Сенин демиң– эң ажайып алкым жуткан.
Ууз сүйүүм,
Убаажысыз сүйгөнүм,
Уктап жаткан сезимге суу бүрккөнүм.
Үлпүлдөгөн үмүт, сүйүү, сүйүнүч
ширесинен…
❤3👍1👏1🤩1
10 Aug 2026, 05:57 UTC41 views6 reactionsread 14 August 2026 ӨКҮНҮЧТӨН ҮМҮТКӨ
Ачынганым, дүйнөмдүн ачтыгы да,
Турган мүнөт билинбей качты мына.
Мен өкүнөм кыпындай эмгеги жок,
Бекер өтүп бараткан жаштыгыма.
Суу шылдырап тийгендей таш кырына,
Сумсаямын сааттардын ташкынына.
Мен өкүнөм тырмактай пайдасы жок,
Уктап калган бекерчи жаштыгыма.
Түшө албай мээнеттин баштыгына,
Түшүп алган шайтандын капчыгына.
Өкүнүчтүү, таң калам. Уяламын.
Кылдай ынсап билбеген жаштыгыма.
Жашылдан…
❤2👍2🔥1🥰1
9 Aug 2026, 06:50 UTC32 views6 reactionsread 14 August 2026 МАХАББАТ ДАБАСЫ
Мен үчүн жаралгансың бул турмушка,
Сезимтал махабатка болуп даба.
Окшошсуң асмандагы бир жылдызга,
Жок, жалган. Жылдыз өзү окшош сага!
Мен сени тоодон өскөн шамал деймин,
Кыдырган бул ааламды куунап, эркин.
Сен ошол сапарыңдан аман келгин
Жашоомду жагалданткан, кымбат селким!
Аз күнгө көрбөй калсам илдет чалды,
Сүйүүңө байланышкан айыкмайым.
Мен үчүн андан ашкан милдет барбы
Термелген толкундагы ка…
❤2👍2👏1🔥1
8 Aug 2026, 09:05 UTC37 views8 reactionsread 14 August 2026 Кызда кылык болбосо,кур чырайда не пайда деп атпайбы........
Кошуласыздарбы?
❤3👍2🔥2💯1
8 Aug 2026, 08:11 UTC35 views6 reactionsread 14 August 2026 …
Аттиң-ай... кайран сезим тебеленген,
Кайран мен сени айланып чебеленген.
Негедир эңсөөм ташыйт сага тынбай,
Баарысын айтып бергим келе берген.
Мисалы, көңүл кокус жылыганда,
Болбосо кусалыкка буулганда.
Калдактап айнек сүзгөн куштай болом,
Кайдыгер суз жообуңа урунганда.
Билемин сен деп боздоп бүтөрүмдү,
Билемин сүйбө десең күчөөрүмдү.
Билбеймин кантип сүйбөй коюшту мен,
Билбеймин сенден нени күтөрүмдү.
Сагыныч …
❤2🤩2👍1🔥1
7 Aug 2026, 07:54 UTC42 views6 reactionsread 14 August 2026 Тааарынба
Сени эстеп, өткөрсөм да ай жылымды,
Мерез деп, күнөөлөбойм тагдырымды.
Болгону, сага болгон сезимдерим,
Бактылуу өмүрүмдү жарды кылды.
Кармашпай кайра биздин колдорубуз,
Кезикпей, калса дагы жолдорубуз,
Анда да, ыраазымын тагдырыма,
Арга жок, бир пендебиз болгону биз.
Кокустук, болбосо эле капилеттен,
Кетирбейм, сени такыр акыл-эстен,
Дүйнөдө жоолуга албай калсак эгер,
Кез келип, жоолугарбыз акыреттен.
…
❤2👍1🔥1🥰1😍1
6 Aug 2026, 14:42 UTC40 views6 reactionsread 14 August 2026 Мага турмуш бүркөгөндө кабагын,
Жаным, сенин сүрөтүңө карадым.
Соккусуна алган кезде тагдырым,
Сооротту да сенин жаркын жамалың.
Карабасам эңшерилем, бөксөрөм,
Карап алсам учкун чачам, өрттөнөм.
Сөзүң эле миңдин бири, жанга дем,
Өзүң эле өмүрүмдү көрктөгөн...
Элмирбек Иманалиев
❤2🕊2👍1🔥1
5 Aug 2026, 08:28 UTC46 views6 reactionsread 14 August 2026 БИР СӨЗДҮН ИЗИ
Бүгүн дагы ак баракка төгүлдүм,
Саны жетпес ой көлүнө чөмүлдүм.
Тирүүлүккө бир жолу төрөлдүм да,
Миң бир жолу көңүл сынып,көмүлдүм.
Бышык элем,быт-чыт кылып сөгүштү,
Көңүлүмдү оорутканга көнүштү.
Туулган күнүм тосуп жатсам жаркырап,
Бир сөз менен мени тирүү көмүштү.
Бар мээримди айткан сөз кечип кетти,
Жүрөгүм ок дарысыз тешип кетти.
Жылдар бою сакталган ишенимди,
Ошол бир сөз илмегин чечип кетти.
…
❤2👍2🔥1🕊1
5 Aug 2026, 08:25 UTC41 viewsread 14 August 2026 Япондордо «Усосуги ва
дорубо но хажимари»
(Калп айтуу - уурулуктун башталышы) деген макалы бар.
📚Япон кереметинин сырлары
3 Aug 2026, 14:27 UTC50 views6 reactionsread 14 August 2026 Башкалар сени сөз кылса,
Билдирбей ичтен кызганам.
Башкага күлүп карасаң,
Алоолоп оттой тутанам...❤️🩹
Автору: Белгисиз.
🤗2❤1👍1🔥1🥰1
Showing the 12 most recent of 20 posts we hold for @jonganapoeziya. View and reaction counts are the latest single reading for each post, not a live figure, and a recent post is still accumulating both. A view count marked ≈ was rounded by Telegram before we ever saw it — t.me prints views in full below 1,000 and to three significant figures above, so ≈1,200,000 means somewhere between 1,150,000 and 1,249,999. Unmarked counts are exact. Text is reproduced from the public post preview and truncated for length.